Биз менен байланышыңыз

Ороктогу абал тынчып, эл таркай баштады

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 541 | 0

Орок айылындагы мечитте чыр-чатакты чечүү боюнча аксакалдардын жыйыны өттү. Жыйынга келген бир нече аял чуу көтөрүп, бирок, аксакалдын жайгаруусу менен соңунда биримдикке келишти. Ошондой эле, жыйынга катышкандар жергиликтүү тургундарды ынтымакка чакырышып, көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, абал тынчып, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери  таркай баштады.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM