Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 7-июнда сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 402 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 7-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 11…16… күндүз: 22… 27 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 10….15….күндүз: 22…..27°C;

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн: 13…18….күндүз: 25…30 °C;

Баткен облусунда

түнкүсүн: 14 … 19 °C……. күндүз: 26 … 31 °C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…15….күндүз: 19…24 °C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 9….14…..күндүз: 18….23°C;

7-июнда Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 23….25°C, түнкүсүн 14…16 °C градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM