Биз менен байланышыңыз

Тажикстан менен Иран бири-биринин ички саясатына кийлигишпөөгө макулдашышты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 594 | 0

Тажикстан менен Иран оппозициядагы партияларды колдобоого жана бири-биринин ички саясатына кийлигишпөөгө сөз беришти. Бул тууралуу Тажикстандын Президенттик Аппаратынын маалымат-катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстан менен Иран коопсуздукту сактоо жаатында кызматташуу үчүн өлкө аралык меморандумга кол коюшту. Анда эки тарап экстремисттик уюмдарды колдобоо, бийликтин каршылаштары тарабында болбоо жана бири-биринин ички саясатына кийлигишпөө сыяктуу темалар камтылган.

Бул меморандум, Тажикстан жана Ирандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана Мухаммад Жавад Зарифтин жолугушуусунда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM