Кичи футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Жаш мекендештердин V Дүйнөлүк оюндарында чемпион болушту.
Финалдык беттеште жаш мекендештерибиз Болгариялык футболчуларды 1:0 эсебинде утуп алышты.
Жаш мекендештердин V Дүйнөлүк оюндары ушу күндөрү Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында өтүп жатат.
Кичи-футбол боюнча мелдеш 2-5 июнда 17 команданын катышуусунда өттү.
Бул Кыргызстандын курамасы үчүн атаган мелдештеги төртүнчү медаль. Буга чейин суучул Елизавета Рогожникова эки алтын, бир күмүш байге уткан болчу.