Биз менен байланышыңыз

Ноокат: Ак жаандан айрым аймактарда сел жүрдү

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 511 | 0

5-июндагы ак жаандын кесепетинен Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Гулистан, Т. Зулпуев айыл аймактарында жана Ноокат шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала берген маалыматтар боюнча, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылындагы селдин кесепетинен Найман каналынын 15 метр аралыгы сел калдыктарына толуп калган. Тескей участкасынан 4 турак жайдын жана Артыков көчөсүнүн 9 турак жайдын короо-сарайлары сууга толуп калган.

Ошондой эле Гулистан айыл аймагынын имаратынын жертөлөсүнө суу кирген. Фрунзе айылынын Шаназаров көчөсүндөгү 5 үйдүн жертөлөсүн, 9 үйдүн короо-сарайын суу каптаган.

Мындан сырткары Ноокат шаарында «Медогос» медициналык борборунун жертөлөсүнө суу кирген.

Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Сел алып келген чыгымдар боюнча кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM