Биз менен байланышыңыз

Боронов «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолун белгиленген мөөнөткө аяктоону тапшырды

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 781 | 0

«Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун Казарман — Жалал-Абад участогунун Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелдин өтмөгүн казуу иштери быйыл 700 метрге чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

Тоннелдин жалпы узундугу 3890 метр, туурасы 10,6 метр, бийиктиги 9,4 метр. Бүгүнкү күндө түштүк порталдан 863 метр, түндүк порталдан 1436 метр өтмөк казылган. Каптал беттеринин курулушу түштүк тараптан 1039 метрди жана түндүктөн 1729 метрди түзөт.

Участоктун узундугу Көк-Арт ашуусундагы тоннелди кошкондо 138,5 чакырымды түзөт. Курулуштун жалданма компаниясы «Чайна Роад энд Бридж Корп» болуп саналат.

Учурда долбоордук тилкелерде толук масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. Долбоор башталгандан ушул жылдын июнуна чейин 108 чакырымга астыңкы катмар жана 102 километрге үстүңкү катмар асфальт-бетон төшөлгөн.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тоннелдин курулушу менен таанышып, жаңыланган иш графигин эске алуу менен белгиленген мөөнөткө аяктоону тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM