Биз менен байланышыңыз

ШКУнун саммитин чагылдырууга 300дөн ашык чет өлкөлүк журналист катышат

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 521 | 0

14-июнда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын чагылдырууга 300дөн ашык чет өлкөлүк журналисттер билдирүү жиберишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алар Беларусия, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, анын ичинде, ТИМден аккредиттөөдөн өткөн Франция, Улуу Британия, АКШ жана Германиянын журналисттери болуп саналат.

Жалпысынан ШКУнун саммитин 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиктери жана 10 гезит чагылдырмакчы.

Алардын айрымдарын атай турган болсок «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттиги, CCTV Кытай телеканалы, «Xinhua» маалымат агенттиги, «Россия» Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясы, УзА – Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги, Indian Express, «Иомиури» япон гезити, Daily Pakistan жана башкалар.

 

Copyright © 2017 Maral FM