Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия өлкө башчылары Кыргызстандын элин Орозо Айт майрамы менен куттукташты

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 444 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун атына Орозо айт майрамына карата бир катар мамлекеттердин президенттеринен куттуктоо каттары келип жатат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгында акыркы жылдары эки бир тууган элдин ортосундагы урмат-сый жана ишеним, өз ара пайдалуу мамилелердин негизинде куралган достуктун салттуу байланышы андан ары өнүгүп жатканы мага чоң кубаныч алып келүүдө», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда «Жакшылык жана жылуулук сезимдерди тартуулаган бул ыйык күндөрү Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, асылзат ишиңизге албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана жакшылыктарды каалайм. Дүйнөнүн бардык мусулмандары чоң кубаныч менен белгилечү ыйык Орозо айт майрамы аларга ынтымак жана бакубатчылык алып келсин», — деп айтылат.

Ушундай эле куттуктоолорду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жиберишкен.

Кыргызстан элин жана өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен Казакстандын Эл башы Нурсултан Назарбаев да куттуктады.

Куттуктоолордо Сооронбай Жээнбековго узун өмүр, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык, ал эми кыргыз элине — тынчтык, өсүү жана гүлдөп-өнүгүү каалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM