Биз менен байланышыңыз

Президент Имам Сарахси мечитинен Орозо Айт намазын окуду [фото]

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 1861 | 0

Бүгүн Кыргызстанда Орозо Айт майрамы. Буга карата өлкөнүн бардык аймактарында мусулмандар Айт намазын окушту.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Орозо Айт намазын Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечиттен окуду.

Мамлекет башчысы мекендештери менен Айт намазга катышты.

Ал эми Бишкек шаарындагы Айт намазы Эски аянтта окулуп, ага он миңдеген мусулман мекендеш катышты.

Айт намазы ошондой эле, өлкөнүн бардык аймактарында чоң мечиттерде окулду.

Copyright © 2017 Maral FM