Биз менен байланышыңыз

Мектеп жабылды. Балдар эс алуусун кантип өткөрүшү керек?

Блог | 4 Июн 2019 | 1502 | 0

Өзүбүздүн мектепте окуп жүргөн күндөрүбүздү эстеп көрөлүчү, жайкы каникулга берилген тапшырмалар кубаныч алып келчү беле? Мисалы, математика боюнча жүздөгөн тапшырмаларды аткаруу? Ошондой эле, буга кошумча туура жазуу боюнча күнүнө эки-үч көнүгүү жасоо? Бул суроолор негизинен риторикалык түрдө. Көпчүлүк учурда берилген мындай тапшырмаларды каникулдун акырында эстечүбүз, анан… Жок дегенде көрсөтүп коюуга бир нерсе болсо эле болду деген кыймыл-аракет. Ошондуктан, урматтуу улуулар, эми өзүбүздүн балдарыбыздын бул маселесин чечүүгө убакыт келип жетти. Жай айы — бул үчүн эң ыңгайлуу мезгил.

Балаңыздын жаман жоруктарын унутуңуз

Балаңыздын бардык жаман жоруктарын, табелдеги жаман бааларын, ошондой эле анын оройлугун, көк беттигин, жалкоолугун бүт кечириңиз. Жок дегенде ушул жайда «башкалардын балдары баладай, а меники…» деген сыяктуу фразаларды колдонбоңуз. Бир кичине иши үчүн аны мактап туруңуз. Сүйүүңүздү жашырбастан арнаңыз.

Даяр болуңуз, «эмнеге?» деген суроо көп берилет

Жашоодогу бардык окуя-кубулуштар жөнүндө балаңыз менен сүйлөшүңүз, ал үчүн убакыт табууга аракеттениңиз. Күтүлбөгөн балалык суроолордон качып кутулуунун айласын издебеңиз. Эсептөөлөргө таянсак, «эмнегелер» күнүнө үч жүздөн төрт жүзгө чейин берилет. А биз аларга «Ары турчу! Сүйлөбөчү! Бошобой жатам!» деген жоопторду беребиз. Анан эле, «Балам күндөн-күнгө бизден алыстап жатат», — деп таң кала беребиз.

Балаңызды жаратылыш менен достоштуруңуз

Эгерде сиз жайында шаарда эле кала турган болсоңуз, бир аз болсо да, балаңызды ээрчитип, табият койнуна чыгып келиңиз. Көл жээгинде чогуу отуруңуздар, козу карын тербесеңиздер да, кызыл карагай тобурчактарын чогултуңуздар (эмгек сабагына керек болуп калышы ыктымал). Бир кездерде чехиялык окуучулар таң калтырышкан, алар өзүлөрү туулган чөлкөмдөгү ар бир өсүмдүктүн атын унаалардын атын билгендей эле айтып бере алышкан. Жалкоолонбостон ботаника, зоология, астрономия боюнча адабияттарды карап чыгыңыздар. Балаңыз же кызыңыз менен биргеликте ар түрдүү чөптөргө, курт-кумурскаларга, жаныбарларга жана канаттууларга кызыгууну үйрөнүңүздөр. Керек болсо, биргеликте жылдыздарды да санаңыздар. «Бала менен талаа-түздө өткөрүлгөн бир күн — окуу скамейкасында өткөрүлгөн бир нече жумага барабар», — деп туура жазган Ушинский.

Сууда сүзүүнү үйрөтүңүз

Ар бир жаз айынын акырында бизге балдардын жай айындагы ден соолукту калыбына келтирүү иштери – мамлекеттик иш деп бийик трибунадан дайыма айтып келишет. Бул жөнүндө узакка чейин сүйлөшүүгө болот, биз жөн гана бул мамлекеттик ишти өзүбүздүн күчүбүз менен аткарууга аракеттенебиз. Чындыгында, парта үстүндө алты сааттан жана бир нече саат эмгек сабагында олтурууга баатырдык күч керек. Баланын омурткасына кам көрүп, аны сууда сүзүүгө үйрөтүңүз. Бул жагымдуу гана болбостон, сколиозго каршы эң жакшы профилактика.

Жаңы жасалган тамактарды бериңиз

Жай мезгили — витаминдерди чогултууга ыңгайлуу учур. Балага жаңы жасалган тамактарды бериңиз, жылытма эмес. Анын жакшы көргөн тамактарын жасап бериңиз.

Каникул учурунда балаңыз каалашынча уктап алсын. Жалкоосуң деп жемелебеңиз. 10 жашка чейинки балдар суткасына 10-12 сааттан укташы керек. Бала уктагысы келбей жатса, кыйнабай эле коюңуз, эртең менен ойготпоңуз. Ал өзү ойгонгондо гана көңүлдүү жана сергек боло алат. Режим албетте керек, бирок анын кулуна айланбаңыз. Балага чоңдор менен биргеликте кечинде от жанында олтурууга уруксат бериңиз. Балаңызды өзүңүз менен балык улоого алып алыңыз, сиз менен таңды тосуп алсын.

Китеп окууну сүйдүрүңүз

Эгерде сиздин балаңыз китеп окууга кызыкпаса, бул жайда кызыгуусун ойготууга болгон күчүңүздү жумшаңыз. Ага кызыктуу китептерди сунуштаңыз (сизге эмес, өзүнө жаккан), үнүңүздү чыгарып окуңуз, бала кезиңизде окуган чыгармаларыңызды айтып бериңиз. Көп китеп окуган үй-бүлөлөрдүн балдары да көп окушары аныкталган.

Балаңыз сүрөт тартып үйрөнсүн

Балаңыз айланасынан эмнени көрүп жатса, бардыгын тарта берсин. Сүрөт тартуу колдун каруусун өстүрөт, фантазияны, дүйнөгө болгон эстетикалык багытты ойготот. Ал болуп көрбөгөндөй деңгээлде баланын бүткүл мээсинин ишмердүүлүгүн өркүндөтөт. Ал негизинен эле чыгармачылыкка импульс берет, ар түрдүү эмгекте көркөм өнөрдүн калыптанышына багыт ачат.

Башаламандыктан жана кирден коркпоңуз. Балага акварелдик гана эмес, майлуу боекторду да алып бериңиз, чыгарма жарата берсин. Ал эми фломастерлер менен карандаштар анын колунда дайыма болуп турсун.

Өздөрүн өздөрү тейлешсин

Мүмкүн көп убакыт өтүп кеткендир, бирок ошентсе да… Бул жайда балаңыз же кызыңыз өздөрү керебетин жыйнашсын, идиш-аяк жуушсун, жок дегенде өзүлөрүнүн бөлмөсүн иреттегенди үйрөнүшсүн. Аларга жөнөкөй болсо да, үйдөгү бир милдетти жүктөңүз. Үй-бүлөлүк эмгекке жардам берсин. Ал эми сиз алардын жардамын кубануу менен кабыл алыңыз, мактаганды унутуп калбаңыз!

Иш ордуңузга алып барыңыз

Эгерде мүмкүн болсо, баланы жумушуңузга ала барыңыз. Сиздин иш күнүңүздү көрүп келсин. Мүмкүн, ал акча өзүнөн өзү эле келбестигин түшүнүп келеттир.

Теледен оолактатыңыз

Жайкы каникул учурунда телеберүүлөрдү көрүүнүн санын чектеңиз. Бул үчүн белгилүү бир катуу талаптарга барууга туура келсе да, аларды азайтыңыз.

Мектептен берилген тапшырмаларды унутуңуздар

Ал эми окуучулар үчүн берилген «чуулгандуу» тапшырмалар эмне болот? Мугалимдер таарынбасын, бирок аларды унутуп эле салалы. Дайыма эле мыкты окуган окуучу жашоодо да мыкты боло алабы? XX кылымдын улуу педагогу Януш Корчак жазгандай, окуучу класстык тактаны карап жатканда көп нерсе алабы, же жеңе албас күч (күнкараманы өзүнө караткан Күндүн күчү) аны терезени кароого үндөп жаткандабы, эч ким билбейт. Абдан жоопкерчиликтүү жана милдеттүү бир эне үй-бүлөсү менен эс алууга бара жатып, дайыма жанына китептерди алып алчу жана кызы кечинде тапшырмаларды аткаруусун талап кылчу. Жыйынтыгында, кызынын мектептик жана студенттик күндөрүнүн бардыгында китептерге болгон жийиркеничи менен «сыйланган»…

Жайкы эс алууңуздар көңүлдүү өтсүн!

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM