Биз менен байланышыңыз

«Эки жакка чуркап каражат алып жаткандарды көрүп жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 986 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Марал» радиосуна берген маегинде КСДПга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келгенин билдирди.

«Парламентке депутат болууга эңсөө болгон эмес. 2010-жылы 7-апрелде эл тарабында иштедик. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп калып, мени КСДПга чакырды. Ал мени тизмеге:  «Уюштуруучулук жөндөмүң бар экен», — деп кошкон. Тизмеде 40-кезекте болдум. Мен түзгөн команда менен азыркыга чейин иштедик. Көп иштерди жасап жүрүп, аралашып кеттим», — дейт Мусабекова.

Ал 2010-жылга чейин Атамбаевдин жанында саналуу киши жүргөнүн айтат.

Маалыматка ылайык, Мусабекова Таласта жүргөндө, КСДП чукул жыйынга чогулуп, эл өкүлү келе албай калат. Кийинчерээк депутат чет өлкөдө жүргөндүктөн, аталган партиянын дагы башка чогулушуна катыша албай калат. Мындан улам, ортодо сөз ташыгандар болгон.

«Мени көчөдө жүргөн жеримден кармап келип кызматка койгон жок. «Асаба» гезитинде иштеп жүрүп, элге тырмактын агынчалык болсо да эмгек сиңиргенимди айтып, ортодо сөз таратпагыла дедим. Мен Атамбаев менен жолугуша элекмин. Азыр көрүп жатабыз, эки жакка чуркап каражат алып жаткандарды. Мен КСДПга киргенде Атамбаев менен Жээнбеков партиянын башында турчу. Биз кимди саттык? Биз ошолордун алдында идея менен сугарылдык. Бир кезде «7-кабаттан келе жатам, чай ичтим» деп конверттерди берип, тай союп киргизишкенин билип жүргөм. Кырдаал өзгөрүп кеткенде, алар биринчи чуркап барып, «мени анткен, мени минткен» дегенин көрүп таң калып, «Кара нан жесем да бай болбой эле коёюн», — дедим. Атамбаев өзү да таразалап жатса керек», — дейт Мусабекова.

Эл өкүлү мындан сырткары, башкалардай болуп интрига жасабаганын, мандатын тартып алуу аракеттери болгонун да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM