Биз менен байланышыңыз

Мусабекова: Өкмөттүн курамын фракция лидерлери эле чечип коёт

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 932 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Марал» радиосуна берген маегинде өкмөттүн курамын түзүүдө парламенттеги фракция лидерлери эле чечип коёрун билдирди.

«Ал жерде каршы чыкканыбыз менен аздык кылабыз. Өкмөттүн отчетун кабыл алсак, эл бизди урушат. Мамлекеттик кадр кызматын жоюу зарыл. Себеби, акыркы жылдары таяке-жээндер кызматка келип жатат. Андай болсо, «Мамлекеттик кызматка бийликтегилердин туугандары гана келет», — деп айтып коёлу. Өкмөткө келгендер эмнеге келишкенин билишпейт. Губернатор, акимдер бюджеттин эсебинен белек таратып жүрүшөт», — дейт Мусабекова.

Ал мындан сырткары, Бишкектин Ленин районунун акимчилигинде жалаң туугандар кызматта экенин белгилеп, чындыкты айткан кишилерди мокочо көрсөтүшөрүн айтты.

Мусабекова ошондой эле, учурда акчалуулар менен каражаты жоктордун ортосунда чоң тиреш болуп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM