Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга товарларды жана күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып кирүү маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн байланыш номерлерин жарыялады.
Жарандар мындан ары мыйзам бузуулар боюнча (0312)61-31-89 ишеним телефонуна же (0779)61-31-89 WhatsApp номерине кайрыла алышат. Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат.
Салык төлөөчүлөр салык салуу жана салык кызматынын ишиндеги башка бардык маселелер боюнча жергиликтүү салык органдарына же Салык кызматынын маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрыла алышат.