Биз менен байланышыңыз

“Электр станциялары” максатсыз иштеткен каражаттар аныкталууда

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 375 | 0

Ош жылуулук электр борборунда, Ат-Башы ГЭСи жана ГЭСтерди куруучу копманияларда оңдоо-куруу ишинде баалардын жалпы суммасы 627,8 миң сомго жогорулатылганы аныкталды.

Мындай факты өлкөнүн эсеп палатасынын “Электр станциялары” ишканасынын 2017-жылы аткарган ишине жүргүзгөн аудитте аныкталган. Бул тууралуу текшерүүчү мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Максатсыз иштетилген каражаттардыын 447,9 миң сому ГЭСтерди куруучу копманияларда куруу-монтаждоо ишинде жогорулатылганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары дебитордук жана кредитордук карыздарынын өсүп кеткенине карабай “Электр станциялары” ишканасынын кызматкерлерине жылдык иштин жыйынтыгы менен сый акы эрежеде каралган суммадан 29,1 миллион сомго көп берилген.

Мекеменин филиалдарында 2017-жылдын аягына карата мөөнөтү өткөн 80,2 млн сомдук товарлар каттоодо жүрөт.

Аудиттин жыйынтыгы менен аталган мекеменин жетекичилигине текшерүү учурунда аныкталган катачылыктарды жана кемчиликтерди четтетүү эскертилген.

Copyright © 2017 Maral FM