Биз менен байланышыңыз

УКМК жашыруун угуучу-тыңшоочу аппарат саткандарды кармады

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 466 | 0

Кыргызстанда жашыруун аудио-видео жаздыруучу техникалык каражаттарды саткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Алар Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында аныкталган.

Маалыматка ылайык, бир сайтта жашыруун аудио-видео жаздыруулар үчүн атайын техникалык каражаттар сатыла турганы боюнча жарыя берилген.

Соттун санкциясы менен жарыя бергендердин жашаган жери тинтүүгө алынган. Жыйынтыгында, атайын техникалык каражаттар табылган.

Бул факты боюнча материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу» беренеси менен катталган.

Тергөө иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM