Биз менен байланышыңыз

«Бийлик 700 млн доллардын чыгарылып кетүүсүн боло келген көрүнүш катары кароодо»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 409 | 0

Бийлик 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылып кетүүсүн боло келген көрүнүш катары карап койду. Бул тууралуу жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жарандык активисттердин «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» деген ураан менен митингге чыгышына журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүнө бийликтин кайдыгер мамилеси себеп болгон.

«Бийлик 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылып кетүүсүн боло берчү көрүнүш катары карап койду. Финпол 20 миң доллар болсо, каражаттарды көзөмөлдөйт. Эмне үчүн фондго кирген акчаны карашпайт? «Мамлекеттик институттар көз боёмочулукка иштеп жатабы?» — деген суроо туулат. Иликтөөдө айтылгандарды эл өкүлдөрү талкуулап караса болмок. Активисттер: «Бир жумада реакция болбосо, аны талап кылабыз», — дегенбиз. «Эмне үчүн миллондогон долларларды  чыгарып кетүүдө?» — деген ойду бийликке жеткирүү зарыл», — дейт укук коргоочу.

Карасартова билдиргендей, бир жума мурда УКМКнын реформасын талап кылып, тегерек үстөл өткөрүлгөн.

«Тегерек үстөл өткөрүп, петиция топтогонбуз. Буга чейин коррупция менен камалгандар оор кыйноолорго тушукканы, кримтөбөл Азиз Батукаевдин айынан камалгандардын чыпалагын сындырылганы боюнча маалыматтар тароодо. Бүгүнкү митингде да катышуучулар кайрылууга кол коюп, президентке жеткиребиз. УКМКга тиешелүү петиция менен ушул кайрылууну президент Сооронбай Жээнбековго жиберебиз. Бир юрист: «Митингге чыгуучулар 1-2 суткага камалууга даяр болгула», — деп жазыптыр. Жазган кайрылууну президентке кийирип кете алсам, митинг жеңишке жеткен болот», — дейт Карасартова.

Ал митингдерге дайыма тыюу салып, бөгөт коюу туура эмес экенин кошумчалады.

«Митинг — бийликтин жарандык коом менен иштешүүсүнө шарт түзгөн курал. Тынчтык митингдери бийлик үчүн диагностика, ал упай топтоо эмес. Чет өлкөлөрдө ири саммиттердин алдында да масштабдуу митингдер өткөрүлөт. Демократиялык мамлекетте ушундай болушу керек. Ал эми Кыргызстанда жолдор тазаланып, бүт баары жакшы дегендей мамиле жасалат. Бул үйгө конок келгенде балдарды бир бөлмөгө камап коюу менен барабар», — дейт укук коргоочу.

Кошумчалай кетсек бүгүн, 3-июнда жарандык активисттер «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» деген ураан менен тынчтык митингине чыгышат. Ал Бишкектеги Горький гүлбагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM