Биз менен байланышыңыз

«Бизнесин тарттырып жибергендер байма-бай чыгып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 459 | 0

Экономика, инвестициялык климат артка кетүүдө. Бул тенденция күзгө чейин сакталат. Анткени, бизнесин тарттырып жибергендер байма-бай чыгып жатат. Бул тууралуу жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бийлик бизди уккусу келбесе, күзүндө бул тенденция башкача өңүттө чыга баштайт. Ошондуктан, эл менен пикир алмашып, коррупция менен күрөштү туура багытка салууга күчүбүз жетет деген ишеним бар. Коррупция беренеси боюнча ачылган кылмыш иштерде ачык-айкындуулук жок», — дейт Карасартова.

Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбада коррупция менен күрөшүүчү органдарга милициялык милдет, ыкма берилбейт. Ал эми Финпол бюджетке кайтарылган каражаттар кайдан чыгып жатканын ачык-айкын көрсөтүшү кажет.

«Балким, алар рейдерлик жол менен топтоп жатабы?» — деген ой жаралат. Митинг болот деп жазганда, «Мүлкүмдү тартып алышты, мени 3 күнгө камап коюшту», — деген билдирүүлөр келе баштады. УКМКнын кызматкерлеринин аркасы менен рейдерлик кол салуу болду  деп, «Акнеттин» бир өнөктөшү менен бухгалтери камалды. Камоо да — курал. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөшкөн органдын камакка алууга укугу жок болушу керек. Матраимов да, Жээнбеков да Атамбаевдин колдоосу менен ушул даражага жетишкен. Эмне маселе көтөрүлсө да, «Атамбав жалдап жатат деген» сөз болууда. Эгерде Атамбаев туура эмес ишке барды десе, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып: «Аларды оңдоп бериңиз», — деген талап коюп жатабыз», — дейт укук коргоочу.

Copyright © 2017 Maral FM