Биз менен байланышыңыз

Казакстан: «Нурсултан Назарбаев» аэропортунан өрт чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 456 | 0

Бүгүн, 2-июнда Казакстандын «Нурсултан Назарбаев» аэропортунун унаа токтотуучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, Нур-Султан убактысы боюнча саат 10дон 28 мүнөт өткөндө аэропорттун унаа токтотуучу жайындагы жеңил унаадан өрт чыккан. Кабар алган Өрт өчүрүү кызматы окуя башталгандан 3 мүнөт өткөндөн кийин келип, 11 мүнөттө өчүрүп калууга жетишишкен.

Өрт жанындагы унааларга өтпөгөнүн жана кырсыктан жабыр тарткандар катталбаганын айтышат маалымат булактары.

Өрттүн чыгуусуна унаадагы бензин насос зымдарынын тийишип калышы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM