Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы карызы көп ишканалардын тизмесин жарыялады

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 364 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 1-майына карата салыкка ири көлөмдөгү карызы бар ишканалардын тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы салык төлөөчү 70 ишкананын карызы 575 млн. 383,8 миң сомду түздү. Өлкө боюнча эң көп карызы бар ишкана катары «Бишкек машина куруу заводу» Ачык акционердик коому табылды. Аталган ишкананын салыкка болгон карызы 92 млн. 125,1 миң сомго жеткен.

Эске салсак, аталган мекеменин ушул жылдын 1-январына карата жарыялаган тизмесинин сап башына салыкка эң көп карызы бар ишкана катары «Бишкек машина куруу заводу» Ачык акционердик коому кирген болчу.

Ишканалардын толук тизмесин бул жерден окуй аласыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM