Биз менен байланышыңыз

Бекешов: Матраимовдун туугандары кызматтан четтеп туруш керек

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 466 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өз оюн Фейсбук баракчасына билдирди.

Анда Райымбек Матраимовдун бир туугандары Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун өз эрки менен жумушун таштап кетүүсүн жана экинчи бир тууганы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички териштирүү жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Исламбек Матраимовдун убактылуу ишин токтотуп туруу керектигин айткан.

Ал ошондой эле коррупция менен күрөшүү президент Сооронбай Жээнбековдун артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жогорку жактан буйрукту күтпөй иштөөгө чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM