Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн 80 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 629 | 0

Быйыл, Ысык-Көл облусунун түзүлгөнүнө 80 жыл толот. Буга арналган маданий иш-чара 20-июнда Түп районунун Каркыра жайлоосунда белгиленет. Бул тууралуу Ѳкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моӊолдоров билдирди.

Анын айтымында 80 жылдык мааракенин урматына белгилүү манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгы да камтылат. Андан сырткары, Малчылардын майрамы да уюштурулуп, асыл тукум мал көргөзмөсү, жайыт пайдалануу боюнча маселелер каралат.

«1939-жылы Калининдин указы менен Ысык-Көл облусу болуп түзүлгөн экен. Демек, быйыл облусубуз 80 жашка толот, анын алкагында биздин аймак бир топ иш-чараларды белгиледи. Ошондой эле, Советтер Союзу мезгилинде жыл сайын өтүп турчу Малчылардын майрамы кийинчерээк белгиленбей калган. Акыркы эки жылдан бери бул иш-чара кайра жанданып, 80 жылдыкка утурлай белгиленүү алдында турат», — деди Дамир Моңолдоров.

Маалымдай кетсек, аймактын мааракесине өкмөттүн расмий өкүлдөрү, коңшу өлкөлөрдөн да коноктордун келүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM