Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 2918 | 0

Бүгүн Ош облусунун Араван районунун Тогуз-Булак айылына жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, кыргыз чек арачылары чек арага жакын жерден Өзбек Республикасына таандык унааны тосушкан. Бирок, унаа ээси токтобой өтүп баратканда, алар алгач эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ага да карабай качкандыктан, дөңгөлөккө атып токтотууга мажбур болушкан. Мунун айынан бир өзбек жараны жаракат алып, Өзбекстандын Мархамат ооруканасына жеткирилген.

Окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Өзбекстан Чек ара кызматынын башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

Анын жүрүшүндө Чек ара кызматынын башчылары окуя болгон аймакка эки тараптуу иликтөө жүргүзүү үчүн чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечимин кабыл алышты.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бүгүн эле Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлү менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин Булак-Башы аймагы боюнча өкүлүнүн жолугушуусу өттү.

Copyright © 2017 Maral FM