Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомду» банкроттон сактайт

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 837 | 1

«Кыргызтелеком» ишканасын күчтөндүрбөсө, банкротко учурашы мүмкүн. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган ишкананын 77 пайыздык үлүшү мамлекетке караса да, бюджетке кошкон салымы аябай аз.

— Эгер жеке уюлдук оператор менен иштешсек, ар кандай кырдаал болуп калуусу мүмкүн эле. Компания киреше көп табылчу тармакка басым жасап, өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошол себептүү КТ Мобайл бул ишти аткарып, «Кыргызтелекомду» алдыга жылдырат.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Анда комиссиянын мүчөлөрү жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышууда.

Комиссиянын отурумун жабык кароо боюнча сунуш түшүп, бирок көпчүлүк колдогон жок.

Copyright © 2017 Maral FM