Биз менен байланышыңыз

Эрназар Иманкадыр уулу айлыгын кайтарып берди

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 919 | 0

 

«КТ Мобайл» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу 2019-жылдын январь-апрель айларына алган айлыгын ишкананын кассасына кайтарып берди. Бул тууралуу анын атасы Иманкадыр Рысалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» ишканасына байланыштуу коомчулукта жүрүп жаткан кызуу талкуудан улам, 787 миң сом айлык акысын кайтарып берген.

Эрназар Иманкадыр уулу кызматта турганда төмөнкүдөй айлык акы алган:

  1. Январь айында -157 миң сом;
  2. Феврал айында-157 миң сом;
  3. Март айында- 157 миң сом;
  4. I квартал үчүн премия- 157 миң сом;
  5.  Апрель айында- 157 миң сом.

Эске салсак, буга чейин «КТ Мобайлдын» жетекчилеринин маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Андан соң, 16-майда «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өз арызы менен кызматынан кеткен. Бул боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, учурда иш алып барууда.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM