Биз менен байланышыңыз

Ош: Ич ара чатактан 8-класстын окуучусу каза болду

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 591 | 0

Бүгүн, 30-майда Ош облустук балдар ооруканасына жаракат алып түшкөн 2004-жылы туулган бала каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Каза болгон бала Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Акматов Самат болгон.

Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жашка улуу Д. у Н. аттуу бала кармалды. Шектүүнүн айтуусу боюнча, экөө классташ болушкан.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, балдар мектепке жакын жерде жайгашкан дүкөндүн алдында уруша кетишкен. Натыйжада шектүү маркумга бычак шилтеп жиберген. Маалымат Ош ШИИБне саат 11.00дө келип түшкөн.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдөө.

Copyright © 2017 Maral FM