Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 4G мобилдик байланышы эң начар жалгыз өлкө

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2019 | 439 | 0

Өзбекстан 4G мобилдик байланыштын жеткиликтүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн рейтингде акыркы орунду ээледи. Бул боюнча Opensignal компаниясы баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда абоненттердин 49,9 %ы гана 4G мобилдик байланышын колдоно алат. Ал эми бул байланыштын жеткиликтүүлүгү боюнча биринчи орунда Түштүк Корея (97,5%), экинчи орунда Япония (96,3%) жана үчүнчү орунда Норвегия (95,5 %) турат.

Өзбекстан 4G мобилдик байланышынын жеткиликтүүлүгү 50 %дан төмөн жалгыз өлкө катары табылып, бул көрсөткүч Ирак, Нигерия жана Эквадордун көрсөткүчүнөн да алда канча артта экени аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM