Биз менен байланышыңыз

«Президент Абылгазиев боюнча тез арада чечим кабыл алышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 424 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев боюнча тез арада чечим кабыл алышы керек. Анткени, азыркы кырдаалда президентке көп сөз тийип, жалпы мамлекеттик түзүлүшкө доо кетүүдө. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, Жээнбеков да өлкөдө күчтүү премьер-министр болушуна кызыкдар. Анткени, өкмөт башчы күчтүү болбосо, экономикада өнүгүү болбой, президентке сөз тиет. Бирок өкмөт парламентти да, президенттик аппаратты да укпай баратат.

Эгерде өкмөт башчы мыкты болсо, президент көрүнбөй калат.

«Алсак, Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда, өзүн катуу пиарлап, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев көрүнбөй калган. Мындан улам, ага каршы иштер башталып, белекке келген аттын айынан Бабановду «чабышкан». Буга Атамбаевдин кийлигишүүсү себеп болгон», — дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары, реформа боло турган жерде бардык бийлик бутактары күчтүү болушу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM