Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттү кетирүүгө депутаттардын саясий эрки жетпей жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 467 | 0

Өкмөттү кетирүүгө эл өкүлдөрүнүн саясий эрки жетпей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге сын айтууга бир жылда 9 министрдин алмашуусу себеп болду. Алар жакшы маанайда алмаштырылган жок.

Масалиев өкмөттүн былтыркы отчёту абдан төмөн экенин белгилеп, быйыл жыл ортолоп калса да, бир топ маселе чечилбей жатканын сынга алды.

«Капиталдык салымдарга каралган каражаттын болгону 5 %ы гана берилген. Демек, өкмөттүн акчасы жок. Депутттар парламентте катуу сүйлөп, аткаруу бийлигин сындайбыз, бирок акырында башкача добуш берип жатабыз. Тагыраагы, сүйлөнгөн сөз шайлоочулар үчүн, ал эми добуш өкмөт үчүн болуп жатат», — дейт Масалиев.

Эл өкүлү белгилегендей, өкмөттүн отставкасы боюнча радикалдуу чечим чыгаруу үчүн парламенттеги фракциялардын да аракети болушу керек. Башкача айтканда, эки депутат гана сунуш берсе өтпөйт. Ар бир эл өкүлүнүн өз ою бар.

«Фракциялардын баары көпчүлүк коалицияга киребиз деп аракет кылышат. Анткени, анча-мынча министрликке орун тийип калышы мүмкүн деген максат бар. Ал эми оппозицияны эч ким укпайт. Ошондуктан, чечим кабыл алууга 60тан кем эмес депутаттын добушу керек. Бирок ага жетүү кыйын. Фракциялардын баары ынтымактуу бир атанын балдарындай эмес. Ар бир фракцияда «миниоппозициялар» бар. Бирөө колдосо, бирөө 7-кабатка, экинчиси Ак үйгө чуркап барат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM