Биз менен байланышыңыз

Туристтик сезонго карата жаңы аба каттамдар ачылат

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 445 | 0

2019-жылы туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Мындай маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, 7-июнда Qazaq Air компаниясы Алматы-Ош-Алматы багытында жумасына 2 жолу каттай баштайт. Андан тышкары, аталган компания 5-апрелден тарта Алматы-Бишкек-Алматы багытында ар дүйшөмбү жана жекшемби күндөрү учуп баштаган.

Air Arabia компаниясы 2-июлдан тарта Шарджа – Бишкек – Шарджа багытында жумасына 4 жолу уча турган болду.

«Өзбекстан аба жолдору» 27-июндан сентябрга чейин Ташкент-Тамчы-Ташкент багытында жумасына бир жолу каттап турат.

Copyright © 2017 Maral FM