Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын маалымат борбору 1240 жаңы номерине өттү

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 360 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борборунун кыска номери өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Жарандар мындан ары 194 номерине эмес, 1240 номерине чалып маалымат ала алышат. Номерди алмаштырууга «Кыргызтелеком» бардык кыска үч сандуу номерлерди төрт сандуу номерге которуп жаткандыгы себеп болгон.

Салык кызматы жарандардан салык салуу жана салык кызматынын ишмердүүлүгү боюнча 1240 номерине кайрылууну суранат.

Эскерте кетсек, Маалымат борборунун негизги максаты – салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле, салык төлөөчүлөрдүн салык маселелери боюнча сабатын жогорулатуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM