Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Өкмөттөгү бош кызмат орундарга талапкерлер жактырылды.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси — министри кызмат ордуна Самат Кылжыевдин, Экономика министри кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Эркинбек Чодуевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Дастан Догоевдин талапкерлиги сунушталып, жыйынтыгында депутаттардын колдоосуна ээ болду.
Өкмөт башчынын маалыматынан соӊ, аталган министрлик кызмат орундарына талапкерлер өз иш-пландары боюнча учкай маалымат беришти.
Ошондой эле, депутаттар талапкерлерге бара турган жооптуу кызматтарында кандай иш-аракеттерди көрөрү боюнча суроолорун берип, жоопторду алышты.