Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 551 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок. Бул тууралуу Өкмөт башчы конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Парламенттин регламенти комитетинин бүгүнкү жыйынында айтты.

Премьер кадрды тандоодо анын бир гана жаш өзгөчөлүгүнө басым жасабай турганын белгилейт.

«Тилек Токтогазиев — жаңыча көз карашы бар жаш ишкер. Күнөскана бизнеси чөйрөсүндө эмгектенет. Бирок жаштыгы менен билиминен сырткары, тажрыйбасы да болушу зарыл», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эске сала кетсек, «Бир Бол» фракциясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул кызма орунга аталган министрликте министрдин орун басары болуп эмгектенген, 55 жаштагы Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM