Биз менен байланышыңыз

Германия президенти Өзбекстанга келди

Дүйнө | 28 мая 2019 | 597 | 0

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атайын чакыруусу менен Өзбекстанга келди.

Кечээ, 27-майда Германия президентин эл аралык Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Расмий сапардын негизги бөлүгү бүгүн, 28-майда Көк-Сарай резиденциясында өтөт. Анда эки тарап саясий, соода-экономикалык, инвестиция жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Өзбекстан-Евросоюз форматында биргелешип иш алып баруу маселелери талкууланат.

Андан соң Германия президенти бизнес өкүлдөрү менен жолугушат.

29-майда Франк-Вальтер Штайнмайер Хорезм облусуна барары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM