Экс-президент Алмазбек Атамбаев кол тийбестик керек деп айткан жок. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
«КСДП кол тийбестикти талашкан жокпуз. Биз экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кол тийбестик боюнча ченемдерин толук колдойбуз. Бирок экс-президенттердин саясий ишмердигине тыюу салууга жана мыйзамдын артка иштешине каршыбыз. Мыйзамда экс-президент саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлей албай турганы жазылган. Ал эми депутаттык мандат саясий кызмат болуп саналат. Демек, Атамбаев парламенттик шайлоого катышпайт», — дейт Касымбеков.
Белгилей кетсек, 25-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимине экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон. Анткени, ал документке ылайык, экс-президенттер саясий партиянын төрагасы жана мүчөсү боло албайт.