Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Милдетин аткарбаган өкмөт мүчөлөрүнөн арылуу мындан ары да уланат

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 394 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коюлган милдеттерди толук аткарбаган Өкмөт мүчөлөрүнөн арылууну мындан ары да уланта берет. Мындай маалыматты Өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Өкмөт башчы министрлик жана ведомстволордун алдына конкреттүү тапшырмаларды коет жана жыйынтыктарды талап кылат. Эгерде премьер-министр алардын күч-аракеттерин жетишсиз деп тапса, анда тийиштүү бүтүмдөр чыгарылат.

Ошондой эле, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине бардык ыйгарым укуктарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлүп, зарыл болгон саясий колдоо көрсөтүлүп келе жатат.

Өкмөт Президенттин багытын ишке ашырат жана өз программасын жүзөгө ашырууда Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштешет.

Чечим премьер-министр тарабынан Өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн ишмердүүлүгүн ар тараптуу талдаган соң, буга чейинки сиңирген эмгегине, партиялык таандыгына жана башка саясий мотивдерге карабастан кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM