Биз менен байланышыңыз

«Министрлердин алдында депутаттардын тили кыска»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 382 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде Аткаруу бийлигинде иштөө эл үчүн жөнөкөй кызмат болуп калганын билдирди.

Анын айтымында, элдин түшүнүгүндө өкмөттө иштөө эртең менен саат 8ден кечикпей жумушка келип, кечки саат 6дан кечикпей кетүү болуп эсептелет. Мындан улам, ар бир экинчи киши өкмөттө иштөөгө макул.

«Биздин өкмөт иштеп жатат дейсиңерби? Алар кабинет кайтарып эле отургандай. Эгер иштеп жаткан болсо, сыртта жашоо бир жакка карап жылышы керек эле да. Өкмөт иштебей жатканына парламент жооп берет. Эл өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрүнө карыз болгондуктан, парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөө функциясын аткара албайт. Депутаттар туугандарын кызматка коюу үчүн министрлердин алдында тили кыска болуп калган», — дейт Калмаматов.

Ал мындан сырткары, бюджет туура эмес бөлүштүрүлөрүн кошумчалады.

«ЖКда кайсы райондон депутат көп болсо, ошол аймак гүлдөп-өнүгөт. Бюджет да туура эмес бөлүнөт. Азыр чындыктын көбүн эл да уга албайт. Элди сабатсыз десең, капа болушат. Элдин айынан ушундай парламентти багып жатабыз десең андан бетер… Эл өкмөт менен президентти тепкилебей, парламенттеги фракцияларды шайлап берүүгө үндөгөн үгүтчүлөрдү да тепкилесин», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM