Биз менен байланышыңыз

Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин депутаты болду

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 411 | 0

«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаровдун ордуна шайлоо тизмесинде андан кийинки орунда катталган Айнура Аскаровага мандат тапшырылды.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Айнура Аскарова буга чейин «Замандаш» журналынын башкы редактору болуп иштеп, «Замандаш» партиясынын маалымат кызматын жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM