Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Автобуста жүрсөм самолёт дейсиңер (видео)

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 1802 | 0

«Бир бол» фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов өзүнүн Фейсбук баракчасына «Автобуста жүрсөм самолёт дейсиңер, самолётко түшкөндө өзүм эле салам бул жакка. Аэропорттон тосуп, мейманканага жеткирген эле автобус, достор» деп түшкөн автобусунун ичин видеого тартып жарыялады.

Кошумчалай кетсек, буга чейин дагы бир видео тарап, анда депутаттардын кичи ажылык сапарына жеке самолёт менен учкандыгы айтылып социалдык тармактарда коомчулуктун талкуусуна кабылган болчу.

Алтынбек Сулайманов билдиргендей, ал автобус самолётко окшоштурулуп жасалгаланган болгон.

 

Автобуста жүрсөм самолёт дейсиңер, самолётко түшкөндө өзүм эле салам бул жакка.😃😃 Аэропорттон тосуп мейманканага жеткирген эле автобус достор.

Опубликовано Алтынбек Сулайманов Понедельник, 27 мая 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM