Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэри чек арачыларды сыйлады

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 402 | 0

Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарага мэр Таалайбек Сарыбашов катышып, чек арачыларды куттуктап, сыйлыкка көрсөтүлгөндөрүнө мэриянын «Ардак грамотасын» тапшырды. Чек арачылардын иши татаал жана жоопкерчиликтүү экенин белгилеген калаа башчысы аскерлердин спорттук иш-чараларын өткөрүү үчүн 100 миң сом бөлүп берди.

«Кандай кырдаал болбосун, элин-жерин коргоого даяр турган чек арачы аскерлер менен сыймыктанабыз. Мамлекет тарабынан чек ара кызматкерлерине жакшы көңүл бурулуп, аларга арналып турак жай курулуп, айлык акылары көтөрүлүп, колдонгон куралдарына да маани берилүүдө. Эң негизгиси биздин чек арачыларда патриоттук сезим бар», — деди Таалайбек Сарыбашов.

Салтанаттуу иш-чарага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана башка укук коргоо органдарынын башчылары катышып, сыйлыктарын тапшырышты.

Copyright © 2017 Maral FM