Биз менен байланышыңыз

Оштогу «Ишкер» ишканасы 11 млн сомду кымырганы аныкталды

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 422 | 0

Прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин карамагында түзүлгөн Ош шаарындагы «Ишкер» чакан кредиттик ишканасындагы ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузууну аныктады. Аталган факты Ош облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө ачыкка чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ишкананын кызматкерлери 2010-2018-жылдардын аралыгында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, насыя алган жарандар кайтарып төлөгөн акча каражаттарын системалуу түрдө өздөрүнө ыйгарып алышкан. Анын натыйжасында мамлекетке болжол менен 11 млн. 382 миң 910 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Облустук прокуратура тарабынан чогултулган материалдардын негизинде бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү үчүн тергөө органына тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM