Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таш кулап, унаа жабыркады

Кыска кабар | 26 мая 2019 | 513 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Окуя бүгүн, таңга маал болгон. Кулаган таш оор жүк ташуучу унаанын үстүнө түшкөн. Бактыга жараша, айдоочунун ден соолугуна коркунуч келген эмес. Окуя болгон жерде министрликтин бригадасы иштеп, жол тазаланып жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM