Биз менен байланышыңыз

30 жашка толо электерге кеп-кеңеш

Блог , Кыска кабар | 26 мая 2019 | 1834 | 0

Азыркы заманда 30га толо элек жаштарды көпчүлүк учурда «Өз кызыкчылыгың, жыргалчылыгың үчүн гана жашоо керекпи, же болбосо келечекте ийгиликке жетүү үчүн жашоонун кыйынчылыктарына эртерээк баш урган туурабы?» – деген суроолор түйшөлтөт. Буга жооп издеп BBC capital редакциясы Quora  билим алмашуу социалдык интернет-сервисинин колдонуучуларынын ой-пикири менен таанышты. Интернет колдонуучулар жаштарга өздөрүнүн ар түрдүү кеп-кеңештерин сунушташкан.

Виртуалдык «досторго» убакыт коротуу максатсыз

Учурдагы жаштар социалдык тармактарга убакыт көп коротуп жатышканын буга чейинки бир канча изилдөөлөрдө айтылган. Анын ичинде  виртуалдык досторго бөлүнгөн убакытты өзүнчө алып кароо зарыл. Quoraнын колдонуучусу Sliceplanner компаниясынын маркетинг боюнча директору Макс Лукомлинский, социалдык тармактагы досторду чыныгы жашоодо дос деп атоого болоруна күмөн санайт. Тилекке каршы бул чындык деп жазат ал. Алардын көпчүлүгү сизге чыныгы жашоодо жардам берүүгө кызыкдар эмес. Сиз кыйынчылыкка кабылганда, кылчайып карап жардам колун сунганга да жарабайт дейт.

Лукомлинскийдин айтымында, келечекке болгон эң ыйык, баа жеткис табылга – бул өздүк тажрыйба жана сиз жашап өткөн, кабылган сезимдер, эмоциялар.Социалдык тармактагы досторго кеткен убакыт текке кеткен убакыттын дал өзү. Мындан улам, виртуалдык досторго кетирген убакытты, башка пайдалуу нерсеге жумшоо дагы да максаттуу.

Сырыңызды алдырып албаңыз

Ошондой эле дагы бир интернет колдонуучу Чарита Жонсон жаштар менен өзүнүн турмуштук тажрыйбасын бөлүшкүсү келет. Жашоодо өздөштүрүү керек болгон нерселердин бири катары алсыз тараптарды башкаларга көрсөтпөө керектигин айтат. “Өзүңүздүн алсыз тарабыңыз сизге кандай терс таасирин берип жүргөнүнө отуруп алып, терең анализ жасаңыз. Анткени учурдагы капиталисттик доордо атаандаштык күч. Оң көзүң сол көзүңө душман.  Атаандашыңыз сиздин кемчиликтерңизди кайра өзүңүзгө каршы курал катары колдонушу мүмкүн. Ошондуктан алсыз тараптарыңызды башкалардан жашырууга үйрөнүү керек, —  дейт Чарита Жонсон.

Оңой жол менен ийгиликке жетүү мүмкүн эмес

Баары эле бул жашоодо ийгиликтүү болгусу келет. Бирок ийгилик сөзсүз күжүрмөн эмгекти талап кылат. Quora  билим алмашуу социалдык интернет-сервисинин колдонуучусу Юрий Крумандын пикиринде, ийгиликке жетүүнүн сыйкырдуу бир сааты жок. Дайыма аракетте болуу, айланаңыздагы адамдарга жагымдуу элес калтырууну үйрөнүү зарыл. Айрыкча өз көз караш, ой-пикириңизди аудиторияга жеткирүүгө үйрөнүү керек. Өз ишиңизди профессионалдык деңгээлге жеткирүү үчүн убакыт керектигин эстен чыгарбоо зарыл. Бир гана тигил же бул кесиптин ээси болуу жетишсиз. Анткени  айлана чөйрөңүздү таланттуу жана мотивациялуу адамдар курчап турат. Сиз дагы алардан өрнөк алып, өзүңүздү өнүктүрүүнүн үстүндө көбүрөөк иштеңиз” — дейт Юрий Круман.

“Эгер сиз алысты көздөсөңүз, анда сөзсүз чечендик өнөргө ээ болуңуз. Баарынан да сүйлөгөн сөздөрүңүз жумушуңузга байланыштуу болсун. Себеби, ишкер адамдар жумушуна байланышпаган сүйлөшүүлөргө чыдамы келбейт. Бере турган сурооңуздун ток этер жерине батыраак өтүңүз, —  деп кошумчалайт Круман.

Кемчиликтерди артыкчылыкка айланта билиңиз

Ал эми Rakuten Inc компаниясынын директору Хироси Микитани да жаштар менен өз тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. Анын пикиринде жаңы иштеп баштаган адамдарда сөзсүз маалымат же тажрыйба, жөндөмдүүлүк жагынан кемчиликтер болот. Бирок мындай абалда адам өзүнө болгон ишенимин жоготпой, кайра кемчиликтерден артыкчылык жаратууну максат кылышы абзел. Мындай учурда алгач эле сиздин кемчиликтериңиз эмнеден улам экенин тактап алыңыз. Билбеген нерселердин баарын изилдеп, окуп баштаңыз.  Айрыкча күн сайын китеп окууга сөзсүз убакыт табыңыз.

Мисалы, Микитанинин компаниясында кызматкерлер англис тилинде кынтыксыз сүйлөй билиши керек. Бул ишканадагы башкы талап. Мындан улам кызматкерлер, өздөрүн өнүктүрүү үчүн күн сайын жумушка эртерээк келип, англис тилинде өз ара баарлашат. Бирок баарлашуу темалары жумушка тиешеси жок болот. Муну менен алар өздөрүнүн дүйнө таанымын өнүктүрүүгө да салым кошо алышат.

Чыдамкайлуулук жаан сабырдуулук ийгиликтин ачкычы

Жашоодо бир тепкичке көтөрүлүү же ийгиликти багындыруусу үчүн адамда чыдамкайлык жана сабырдуулук негизди ролду ойнойт. Эгер сиз 30 жаштын босогосун аттай элек болсоңуз анда, канчалык деңгээлде чыдамкай экениңизди сынап көрүңүз. Бул сиздин каалооңузду башкарууну үйрөнүүгө жардам берет,- деп жазат дагы бир колдонуучу Штефан Пап.

Чыдамкайлыкка жана сабырдуулукка сиз өзүңүздү жаш кезден баштап тарбияласаңыз, анда сиздин колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн да саны аз болорун, Штефан Пап белгилейт. Ал өз жашоосунда убакытын, жаштыгын текке кетирип, кийин өкүнүп калган адамдарды көп көргөнүн айтат. Айрыкча алардын көпчүлүгү 40 жаштан өткөн адамдар экенине өзгөчө басым жасайт.

Докторант-невролог Ник Джонсон: “ 30 жашка чыга элек жаштар үчүн эң маанилүүсү ар бир айтылган кеңештерди иргей билүү маанилүү. Себеби ар ким өз тажрыйбасына таянып кеңеш айтат. Кээ бир кеп-кеңештер тескерисинче сиздин жашооңузга терс таасирин берип коюушу мүмкүн. Мындан улам, ар бир айтылган кеңеш же маалыматты керектүү учурда пайдалана билүү чон чеберчилик”-деген пикирин калтырган.

Булак: Blogger

Copyright © 2017 Maral FM