Connect with us

Разаков контрафакт маселелерин талкуулоого катышты

Кыска кабар | 25 Май 2019 | 477 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Жаштар контрафактка каршы. Мыйзамсыз соода жана ага байланыштуу көрүнүштөргө карата мамиле» темасындагы талдоочулардын жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент), Казакстандын соттор Кеңешинин, Евразия экономикалык союзунун сотунун, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттык корпусунун өкүлдөрү катышышты.

Котрафакттын коркунучу, белгилүү бренддердин жасалмалуулугу, интеллектуалдык менчиктин укуктук корголуусу, сапатсыз медициналык жасалгалоолордун жана препараттардын ден соолукка болгон зыяны деген маселелер көтөрүлдү.

Отурумдун соңунда катышуучулар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү мамлекеттик органдарына жана коомдук түзүмдөрүнө төмөндөгү иштерди улантуу керек деген чечим менен кайрылышты:

  1. Өндүрүмдөрдү стандартташтырып, техникалык талаптарды иштеп чыгып жана аларды иш жүзүнө ашыруу;
  2. Өндүрүмдүн сапатын текшерүү боюнча жеке кайрылууларга тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мониторинг жүргүзүп, ЖМКлар аркылуу элге жайылтуу;
  3. Интеллектуалдык менчикти коргоодо болочок эксперттерди даярдоо үчүн даректүү окутуу мекемелерин түзүү;
  4. ЕАЭБ мамлекеттеринде улуттук бренддерди алдыга чыгаруу боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн биргеликте социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруп, анын негизинде өндүрүшчүлөрдүн жана белгилүү бренддердин өндүрүмдөрүнүн жана товарларынын популярдуулугун аныктоо;

Copyright © 2017 Maral FM