Биз менен байланышыңыз

Оогоанстан: Май айындагы селден 24 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2019 | 525 | 0

Май айындагы суу ташкындардан Ооганстанда бери дегенде 24 адам каза болуп, 11 адам жаракат алганын Ооганстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыгы билдиргенин РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-майдан 25-майга чейин жүргөн сел Ооганстандын 6 провинциясын, анын ичинде өлкөнүн борбору Кабул шаарын да каптаган. Натыйжада, 116 турак үй жабыркап, 221 үй кыйроого тушуккан. 500дөн ашуун адам Ооганстандын Бамиян провинциясына көчүрүлгөн.

Буга чейинки суу ташкынынан Ооганстандын түндүк-батышындагы Герат провинциясында 10го жакын адам каза болгондугу кабарланган болчу.

Өткөн айда Ооганстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыгы өлкөдөгү сел жөнүндө маалымат жарыялаган. Анда өлкөнүн 13 облусунда катталган селдин кесепетинен 108 адам каза болуп, 13 адам дайынсыз жоголуп, дагы 48 адам жаракат алганы маалымдалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM