Биз менен байланышыңыз

Алтынай Өмүрбекова бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 629 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясындагы «Акыркы коңгуроо» салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга болочок пландарынын жана баштоолорунун ишке ашышын каалады.

«Кээ бириңер жергиликтүү жогорку окуу жайларда окууну улантасыңар, айрымдарыңар чет жакта окуйсуңар. Бирок, силер алган билимиңерди жана жөндөмүңөрдү өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдаланасыңар деп ишенем», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Ошондой эле, вице-премьер-министр бүтүрүүчүлөргө күчтүү болуп, кыйынчылыктарга баш ийбей, кыялдангандан коркпой, өз таланттарын жигердүү көрсөтүүгө чакырды.

Салтанаттуу иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жана ардактуу коноктор катышты. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин коңгуроо кагылып, бардык катышууучулар жана меймандар үчүн майрамдык концерт тартууланды.

Copyright © 2017 Maral FM