Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 431 | 0

Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы № 7 мектептин «Акыркы коңгуроо» салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга көздөгөн максаттарына жетүүгө жана билим алууга, ар дайым өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулууну каалады.

«Мектеп экинчи үйгө айланат. Ар бир бир жолу мектепке кайтып келгенде, адам өзгөчө толкундоону сезет. Себеби, бул окуу жайда ал алгач ирет билим, тарбия алып, досторду тапкан. Көп жыл өтсө да, мен классташтарымды, мектепти бүтүп жаткандагы толкундоолорду, көзүбүзгө жаш келгенин унутпайм», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, өкмөт башчы кесипти туура тандап, техникалык адистик, ветеринария, айыл чарбасы же гуманитардык илим болобу, жогорку деңгээлдеги адистерден болушун каалады.

Премьер-министр сөзүнүн соңунда, мектеп жетекчилигине компьютердик жабдууларды тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM