Биз менен байланышыңыз

НАТО жаңы аскердик стратегиясын иштеп чыгат

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 418 | 0

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг биримдиктин жаңы аскердик стратегиясын иштеп чыга тургандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агентиги маалымдады.

Баш катчы Die Welt немис басылмасына берген маегинде өткөн жумада НАТОнун изилдөөчүлөрү аскердик стратегияны өзгөртүү боюнча чечим кабыл алгандыгын кабарлаган. Анда белгилүү болгондой, бул НАТОнун көп жыл аралыгындагы биринчи жолу киргизип жаткан өзгөртүүсү.

Столтенберг дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу бул чечим маанилүү экенин түшүндүрдү. Ошондой эле, өзгөртүүдөгү негизги себептердин  арасында Орусиядан келген «ядролук коркунуч» да бар экендигин билдирди.

Аскер бөлүгүнүн башчысынын айтымында, жаңы аскердик концепция «толук коргоону»  талап кылып, келечекте туруктуулукту камсыз кылат. Башкы катчы ошондой эле, НАТОнун күчү керектүү учурларда өзгөрүүгө жөндөмдүү экенин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM