Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков жумушчу топтун мүчөлөрү менен соттук-укуктук реформанын жүрүшүн талкуулады

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 429 | 0

Соттук-укуктук реформанын алкагында иш-чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда жаңы жазык мыйзамдарынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери, аймактардагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды жүзөгө ашыруу боюнча ишин иликтөөнүн жыйынтыктары каралды. Ошондой эле, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Бузуулардын бирдиктүү реестринин ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары жана соттук-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү мамлекеттик органдардын өз ара аракетке келүүсү тууралуу маселелер сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары, соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыктары жана 2019-жылдын аягына чейин биргелешкен аракеттердин кошумча пландары жөнүндө маселелер да талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM