Биз менен байланышыңыз

Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген үчүнчү адам алып келинди

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 401 | 0

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө шектүү катары кармалып, Орусиянын абагында жаткан 1983-жылы Токмок шаарында туулган Асанэмир Абыкулов Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кылмышка шектүү Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул жаран адам өлтүрүүдөн тышкары, бир катар алдамчылык иштерине да шектелүүдө. Ал 2018-жылдын январында Орусиянын ИИМи менен Кыргызстандын Орусиядагы Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Москвадан колго түшкөн.

Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрында азият улутундагы 3 жаран 1975-жылы туулган Улан Саляновду Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кылмышка шектелип буга чейин 33 жаштагы Эрмек Осмонкулов жана 31 жаштагы Заур Насруллаев колго түшүрүлүп, камакка алынган.

Учурда Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу зарыл болгон бардык тергөө жана ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM