Биз менен байланышыңыз

Грузия кылмышкерлердин денесиндеги татуну өчүрүү үчүн 17 миң доллар бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2019 | 546 | 0

Грузиянын бийлиги өтмүшүндө кылмыш дүйнөсүнө аралашып, денесине тату жасаткан адамдарды коомго кайра аралаштыруу программасы үчүн өлкө бюджетинен 17 миң 500 доллар бөлдү.

Программанын өзгөчөлүгү, мурун кылмыш дүйнөсүнө аралашып, түрмөдө отуруп чыккандар денесиндеги татуну өчүрүүнү кааласа, чыгымын мамлекет төлөп берет. Мындай кылуунун максаты: мурда жасаган иштерине өкүнүп, жаңы жашоо баштоону калаагандарды кайрадан коомго аралаштыруу, адаптациялоо.

Демилге 2012-жылы Тее Цулукианы тарабынан көтөрүлгөн. Бирок бул долбоор көпчүлүк тарабынан сынга кабылып, шакабага да айланган. Антсе да, «Кылмыш дүйнөсүнүн таасирине кабылган жаш өспүрүмдөр үчүн бул өтө маанилүү», — дейт Грузия бийлиги.

Аталган программа башталгандан тарта 123 адам тарттырган татуларын мамлекеттин көмөгү астында өчүрүп, денесин баштапкы калыбына келтирген. Азыркы тапта түрмөдө 60 чакты адамдын да денесинде кылмыш дүйнөсүнө тиешелүү татулар бар. Мындан улам, өлкө бийлиги аларды мажбурлабай турганын, болгону ким кааласа көмөк көрсөтөрүн убадалашууда.

Маалым болгондой, мурунку СССР аймагында кылмыш дүйнөсүндө денеге түшүрүлгөн татулар атайын «дене тили» катары колдонулуп, кылмышкерлердин статусун белгилеп турган.

Copyright © 2017 Maral FM